Кыргыз адабияты (энциклопедия)

Год выпуска: 2004
Автор: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору
Язык: кыргыз

“КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ” ЭНЦИКЛОПЕДИЯСЫНЫН ОКУРМАНДАРЫНА УРМАТТУУ ОКУРМАН!

Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары үчүн даярдап, чыгарып жаткан ар түрдүү илим тармактары боюнча энциклопедиялардын ичинде бул китеп өзүнчө кайталангыс басылма болуп саналат. Анткени физика, математика, химия сыяктуу илимдер кыргыздар арасына тараганына бир кылым да боло элек, алардын окуу предмети катары мектеп практикасына киргизилгени андан да көп эмес. Ал эми «адабият» деген термин-түшүнүк кийин эле советтик мезгилде колдонула баштаганы менен дал ошол адабият көркөм сөз өнөрү катары алгачкы адамзаты пайда боло баштаганда эле пайда болуп, элибиз байыртан эле сөз ээлерине өз бааларын берип келген. Демек адабият илиминин элементтери жөнөкөй формада көркөм сөз пайда болгондон тартып эле пайда болуп келаткандыктан анын түшүнүктөрү да байыртадан эле колдонулганын, «ыр», «санат», «дастан», «макал», «жомок» деген сыяктууларды элибиз сөз байлыгында урунуп жүргөндүгүн айта кетүүбүз абзел. Ошол эле кезде айрым манасчылар, акындар, жомокчулар жашап өткөндүгү, алардын айткан кеп-сөздөрүнүн, ырларынын айрымдары уламыш түрүндө ооздон оозго өтүп келгендиги кыргыздардын көркөм сөздүн кунун жогору баалагандыгын айгинелейт. Булардын айрымдарынын аты калып, ыры жок, айрымдарынын ыры калып аты жок, нарктуу казыналары жөн гана элдик чыгарма болуп калк ичинде рухий тарбиянын бир булагы катары калып калган. Демек, «Кыргыз адабияты» энциклопедиясынын обьектиси кыргыз тарыхынын өтө узак кыйырларынан башат алат да, бүгүнкү күндөргө чейин жетет. Экинчиден, башка илим-билимдер жалпы калктын айрым гана катмары үчүн ылайыкталып, азыраак адамдар гана өздөштүрүп, түшүнүүгө негизделсе, алардан айырмаланып адабият бардыгы үчүн ылайыкталат. Ар бир адамдын айлана-чөйрөсү бул же тигил даражада көркөм сөз өнөрү менен байланышкан. Кыргыз баласы бешикке бөлөнгөндө эле бешик ырын угуп, аны акыркы сапарга узатуу да сөз өнөрү – кошок менен коштолот. Мына ушундай аспектилерден алып караганда бул энциклопедиянын уникалдуулугу – анын универсалдуулугунда жана жалпыга түшүнүктүүлүгүндө, ошону менен бирге массалык колдонууга ылайыктуу жазылгандыгында. Адабият боюнча мурда терминдерди жана түшүнүктөрдү чечмелеген орусча-кыргызча жана оргиналдуу терминологиялык сөздүктөр, жазуучулардын өмүрбаяны тууралуу биобиблиографиялык справочниктер өз-өзүнчө китеп болуп чыкканы менен анын баары биригип энциклопедиялык мазмунда жана формада жарык көрө элек болчу. Колуңуздардагы китеп мына ушул багыттагы саамалык басылма болуу менен кыргыз оозеки жана жазма адабиятынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн кыска таржымалын, урунттуу чыгармалары тууралуу маалыматтарды камтуу менен улуттук адабиятыбызды жыйноодо, изилдөөдө салмактуу орду бар башка элдин өкүлдөрү тууралуу кабарлар берилди. Кыргыз адабиятындагы колдонулуп жүргөн түшүнүктөр да энциклопедиялык басылманы түзүү менен булар мектеп окуучуларынын адабий-теориялык түшүнүгүн өстүрүүгө, эстетикалык табитин көтөрүүгө жардам берет деген ойдо болдук. Энциклопедияга макалаларды киргизүүдө биз төмөнкүдөй принциптерди колдондук:

1. Байыртадан аты уламышка айланып эл оозунда айтылып келген акындар, манасчылар тууралуу болжолдуу маалыматтар киргизилди.

2. Оозеки адабиятта өз орду бар ырчылар, жеке варианттарын жараткан манасчылар берилди.

3. Кыргыз жазма адабиятындагы Кыргыз Республикасынын эл акыны, эл жазуучусу деген наам алгандар, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаттары кошулду.

4. Кыргыз адабияты боюнча докторлук диссертация коргогон окумуштуулар да энциклопедиядан орун алды.

5. Айрымдардын жогорудагыдай наамдары, сыйлыктары, докторлук даражалары жок болсо да адабиятыбыздын өсүшүндө олуттуу салымын эске алып китепке киргизүүнү ылайык көрдүк. Бул китеп биринчи басылыш болуп жаткандыктан, кийин көп нуска менен акын-жазуучулардын тизмеси дагы толукталмакчы. Ошондуктан биринчи эксперименттик китепке бардыгын киргизүүгө мүмкүндүк болбогондугун эскерте кетейин.

6. Кыргыз адабиятын жыйноого, пропагандалоого, изилдөөгө өзгөчө салым кошкон чет өлкөлүк илимпоздор тууралуу да атайын макалаларды бердик.

7. Советтик учурда терс көз караш менен каралып, тоталитардык доордун саясатынан улам аты аталбай, чыгармалары жарык көрбөй келген инсандар тууралуу да материалдар жазылды.

8. Адабиятыбыздын тарыхындагы өзүнчө көрүнүшкө айланган чыгармалар, адабий процесстин бурулуш этабын белгилеген көркөм туундулар да бул китепке атайын макала түрүндө кошулду.

9. Кыргыз адабиятына, котормо адабиятына тиешелүү терминдер жана түшүнүктөр да энциклопедиядан өз ордун тапты. Кыргыз адабияты боюнча түзүлгөн улуттук биринчи энциклопедия болгондуктан мында айрым кемчилдиктердин орун алып калышы табигый көрүнүш. Анан калса аталган китеп айрым гана энтузаист илимпоздор тарабынан өтө кыска мөөнөттө даярдалгандыгын да айта кетмекчибиз. Демек биз окурмандардан китеп тууралуу сын-пикирлерин күтөбүз жана аны кийинки басылыштарында эске алабыз. Анда эмесе, кыргыз адабиятынын кеңири жана чексиз дүйнөсүнө кош келиңиз.

Башкы редактор Ү. Асанов

Загрузить в формате PDF Если вы нашли ошибку в тексте, пожалуйста, выделите ее мышью и нажмите Ctrl+Enter