Котормо таануу илимине киришүү

Год выпуска: 2008
Автор: Таалай Абдиев
Язык: кыргыз

Атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматов алгачкы «калем акысы» болгон бир жилик этти орусчадан кыргызчага, кыргызчадан орусчага которуп, тилмечтик кылуу менен алган экен. Жазуучунун эскерүүсүнө караганда, бул мындай болот: Жайлоого алып келишкен зоот айгырлардын бири уу чөп жеп алып, өлүп калат да, ушундан улам жакадан келген орус зоотехник менен жылкычылар тил билбегендиктен, бири-бирин түшүнө албай коюшат. Айла кетип турганда, жылкычылардын бири эстей коёт да, беш-алты жаштагы Чыңгызды алып келишет. Жергиликтүү жылкылар уу чөптү жебесин, ал эми зоот айгыр аны билбестен жеп алып, өлүп калганын которуп айтып бергенде, тигилер бири-биринин кебин түшүнүп, ыраазы болгондуктан, Чыңгызга бир жилик эт беришкен экен. Адамдардын күндөлүк турмушундагы ушул чакан бир эпизоддон эле котормо ишинин канчалык зарыл, керектүү экенин байкоого болот. Чындыгында эле котормо адам ишмердүүлүгүнүн эң байыркы түрлөрүнүн бири экени шексиз. Анткени адамзат тарыхында тилдери айырмаланган адамдардын жамааты пайда болор замат эле алардын өз ара карым-катыш жасап, мамиле түзүшүнө жардам бере турган кош тилдүү адамдар – тилмечтер пайда болгон. Тилмечтер деп айтып жатканыбыздын себеби, ал кезде жазуу али пайда боло элек болгондуктан, бул кош тилдүү кишилер оозеки которгондугу талашсыз. Ушул жерде тактай кете турган бир жагдай, кыргыз тилинде «тилмеч» жана «котормочу» деген эки сөз бар. «Тилимди билбес эл болсо, тилмечи менен келсин де» деп «Манаста» айтылгандай, булардын биринчиси тилибизде илгертен эле колдонулуп келген. Ал эми экинчиси болсо революциядан кийин орус тилиндеги «переводчик» деген сөздөн калькаланып которулган («перевод – котормо», «-чик – -чу»). Азыркы учурда бул эки сөз көп учурларда синоним катары колдонулуп, ал турсун «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүндө» (Фрунзе, 1969) да бул эки сөздүн маанилик ажырымы көрсөтүлгөн эмес: «Тилмеч – котормочу, бир тилден экинчи тилге которуп берүүчү адам» (597-бет). «Котормочу – бир тилден экинчи бир тилге которуу жагында иштеген адам» (337-бет). Маркум Түгөлбай Сыдыкбеков «адам» деген өздөштүрүлгөн сөз өзүбүздүн «киши» деген төл сөзүбүздү сүрүп, четтетип баратат деп какшагандай, азыркы тапта кийин жаралган «котормочу» деген сөз «тилмечке» ыдык көрсөтүп, оолактата баштагандай түрү бар. Заманында бул төл сөзүбүз славян тилдерине өтүп, «толмач» болуп, «оозеки которгон киши» маанисинде активдүү колдонулуу менен жазуу түрүндө которуучу кишиге - «толковникке» каршы коюлган. Азыркы күндө да Россияда «Толмач» деген котормо агенттиктеринин бар экенине күбө болуп жүрөбүз. Биздин оюбузча, «тилмеч» жана «котормочу» деген бул эки сөздүн маанисин так ажыратып, бери болгондо котормотаануу илиминде өз алдынча термин катары колдонуу зарыл. Тагыраак айтканда, оозеки которгон кишини тилмеч, жазуу түрүндө которгон кишини котормочу, ал эми алардын иши менен кесибин тилмечтик жана котормочулук деп алсак, күндөлүк турмушта эле эмес, котормотаануу илиминде да абдан жакшы болор эле. Анткени котормотаануу илиминде которуу ишинин бул эки түрүнүн чоң айырмасы бар жана аны аткарган кишилер да өз-өзүнчө аталат. Мисалы, англис тилинде translator – «котормочу», interpreter – «тилмеч»; орус тилинде переводчик – котормочу, переводчик-синхронист – тилмеч.

Загрузить в формате PDF Если вы нашли ошибку в тексте, пожалуйста, выделите ее мышью и нажмите Ctrl+Enter